Бишкекте “Өлбөс полк» жүрүшү саат 9:00до башталды. Колонна алгач Түштүк магистраль менен Жукеев-Пудовкин көчөсүн көздөй бет алды.
Өчпөс отко жакындаган сайын адамдар кошулуп, жүрүш катышуучуларынын саны өсүүдө.
“Өлбөс полктун» көркүн ачкан аскерлер Мекенди коргоо тууралуу ырдап баратышат.
Бишкектиктер «Өлбөс полк» жүрүшүнүн катышуучуларына балкондон кол булгалап, сүрөт, видеого тартып жатышты.