Site icon Reporter.kg

Бишкекте «Оймо» фестивалы аяктады — сүрөт

Бишкекте «Оймо» эл аралык кол өнөрчүлөрдүн фестивалы аяктады.

Маалым болгондой, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана ата- мекендик жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн жоон тобу катышкан фестиваль 31-июль күнү аяктады.

“Оймо” эл аралык фестивалы маданий мурастарды сактап калуу, салттуу билимдердин муундан муунга өтүүсүн жандандыруу, Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү максатында өтүп келет.

Фестиваль мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде материалдык эмес маданий мурасты сактоонун жана Кыргызстандагы маданий туризмдин өнүгүүсүнүн үлгүсү болуп саналат.

Фестивалдын алкагындагы көргөзмө Бишкек шаарында 28-31-июль күндөрү “Уркуя Салиева атындагы сейил багында өткөрүлдү.

Иш-чара быйыл 16 жолу уюштурулду.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version