Бишкекте ойноп жатып каналга түшүп кеткен 5 жашар бала изделүүдө, – видео

Бишкекте ойноп жатып каналга түшүп кеткен 5 жашар бала изделүүдө, – видео

Бишкек шаарында сууга чөккөн 5 жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Бөбөк 10-августта Чоң Чүй каналына түшүп кеткен.

 “Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Патрис Лумумба көчөсүндө  Чоң Чүй каналына 5 жашар бала түшүп кеткен. Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн 25 куткаруучу тартылды.  Кошумча маалымат берилет”, — деп айтылат ӨКМнын маалыматында. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>