Бишкектеги орто мектептирдин баарында медициналык пункттар ачылып, окуучулар менен мугалимдер күн сайын текшерилип турушат. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын административдик укуктук бөлүмүнүн башкы адиси Чинара исакова билдирди.
Анын айтымында, атайын бекитилген дарыгерлер жана медайымдар окуучуларды жана кызматкерлерди санитардык талаптарга ылайык күн сайын текшерип турушат
«Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын карамагында 97 орто мектеп бар. Бул мектептерде алдын ала маалыматтар боюнча, 170 миңге жакын окуучу окуп жатат жана 7 миңден ашуун мугалим иштейт. Бүгүнкү күндө мугалимдердин 60 пайызы эмделген», — дейт ал.