Site icon Reporter.kg

Бишкекте оңдолуп жаткан көчөлөрдүн бир тилкеси ачылып, үчөө жабылат

Бишкекте оңдолуп жаткан көчөлөрдүн бир тилкеси ачылып, үчөө жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэриянын маалыматы боюнча, 29-июнда Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылып, Бөкөнбаевден Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Ошондой эле Байтик баатыр менен Медеров көчөсүнүн кесилиши 4-июлга чейин жабылат.

Андан тышкары 29-июндан тарта Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишин 2-июлга чейин жабуу пландалууда.

Учурда Бишкек Ахунбаев, Байтик баатыр (Абдрахманов) жана Жибек-Жолу көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүүдө.

Exit mobile version