Бишкекте оңдоодон кийин №20 бала бакчасы ачылды — видео

Бишкекте оңдоодон кийин №20 бала бакчасы ачылды — видео

Бишкек шаарында мэр Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №20 бала бакча реконструкциядан кийин ачылды.

Мэриянын маалыматына караганда, бала бакчанын планы кайрадан иштелип чыгып, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Жаңы бала бакча 130 орунга ылайыкталган. Анда бөбөктөр тайпасы,  кенжелер тайпасы, 2 улуу жана 2 даярдоо тайпасы болот. Мектепке чейинки балдар мекемеси медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай жана чарбалык бөлмөлөр менен камсыздалган.

Ойноочу жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары музыкалык жана гимнастикалык  өзүнчө бөлмөлөр каралган. Мектепке чейинки  эки кабаттуу имараттын ички аянты 1500 чарчы метрди, ал эми бала бакчанын жалпы аянты 0,52 гектарды түзөт.

Ошондой эле бала бакчанын аймагы жашылдандырылып, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулду.

Курулуш иштери «Аргын Курулуш» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>