Бишкекте ооруканада эгиз төрөгөн 19 жаштагы келин каза болду

Бишкекте ооруканада эгиз төрөгөн 19 жаштагы келин каза болду

Бишкек шаарынын №6 төрөтканасында көз жарган 19 жаштагы Ж.Э. үч айдан кийин көз жумганын  Биринчи май райондук милициядан кабарлашты.

Милициянын маалыматына караганда, 17-февралда саат 18:00 чамасында нөөмөт бөлүмгө Улуттук госпиталда жаш эне каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Каза болгон келин 2001-жылы туулган Ж.Э экенин аныкташкан.

Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 152-берене (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Азырынча анын эмне себептен каза болгондугу тактала элек. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>