Бишкекте ооруканадан каза болуп, өлүкканага түшкөндөрдүн саны көбөйүүдө

Бишкекте ооруканадан каза болуп, өлүкканага түшкөндөрдүн саны көбөйүүдө

Бишкекте ооруканада көз жумгандарды кабыл алуучу өлүкканага түшкөн сөөктүн саны көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда  Республикалык патологоанатомиялык бюронун жетекчиси Валентина Пахман билдиргенин “Азаттык” жазды.

Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери алгачкы жолу 30-июнда бир суткада бул илдеттен жети бейтап каза болгону расмий айтылды. Бул бир суткадагы эң көп сан болуп калды. Бирок илдетти аныктоо ыкмасы суроо жаратып жаткандыктан, өлгөндөрдүн саны көп болушу ыктымал деген божомол бар.

1-июлда “Бишкектеги өлүкканада орун калбай калыптыр” деген маалымат тарады.

Пахман ал жетектеген жайда мындай маселе жок экенин айтты. Ал ошондой эле соңку күндөрү каза болгондор көп түшө баштаганын ырастады.

Бишкекте эки өлүккана бар. Экөө тең Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын аймагында жайгашкан. Бирине ооруканада көз жумгандарды алып барышат. Экинчиси Соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык бюрого карайт.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>