Бишкекте Орозо айт намазын өткөрбөө сунушталды

Бишкекте Орозо айт намазын өткөрбөө сунушталды

Бишкек мэриясы шаардагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Орозо айт намазын өткөрбөөнү сунуштады. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мэрия коронавирусту алдын алуу үчүн, эл көп чогулуучу оюн-зоок программаларды, ар кандай мааракелерди, салтанаттуу иш-чараларды чектөөгө алган.

“Жума намазын мечитте жамаат менен окууга тыюу салынат. Эпидемиологиялык абал турукташканга чейин ооз ачуудан кийинки таравих намазына топтолбой үйдө окуу сунушталат. Чыңалып турган эпидемиологиялык кырдаалга жакында өтүүчү көп сандаган эл чогулчу айт намазын өткөрбөө сунушталат. Жеңиш күнүн белгилөө сөзсүз түрдө эпидемиологиялык абалды эске алуу менен чечилиши керек», — деди Рыскулбекова.

Ал эми Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан учурда бул маселе каралып жатканын кабарлашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>