Бишкекте Ош базарынан өрт чыкты — сүрөттөр

Бишкекте Ош базарынан өрт чыкты — сүрөттөр

Бүгүн, 7-февраль күнү таңкы саат 05:50 чамасында Киев менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Ош базардын аймагында жайгашкан павильондон өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты 270 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Биринчи Май райондук №4 АӨКБдан 2 бөлүм, Ленин райондук №6 АӨКБдан 1 бөлүм, №8 ААӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ККББдан ыкчам топ КБП унаасы менен жана өрт өчүрүү Штабы. Мындан сырткары ИИМден 100 кызматкер жана ЖКККББнан 12 экипаж, тез жардам кызматынан 1 бригада», — деп жазылат маалыматта.

[su_image_carousel source=»media: 20075,20077,20074,20071,20072,20073,20076″ crop=»none» autoplay=»4″]

Өрт саат 07:07де чектөөгө алынып, саат 9:10до толук өчүрүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>