Бишкектеги Ак-Ордо-1 конушунда 17 жаштагы өспүрүм чуңкурга кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 11-сентябрда болгон. «112» кызматына 2006-жылы туулган М.Р. аттуу жаран үйүнүн короосунда чуңкур казып жатып, анын ичине кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, алар өспүрүм баланы чуңкурдан алып чыгып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз