Site icon Reporter.kg

Бишкекте өспүрүмдү бычак менен коркутуп, карактагандар кармалды

Бишкекте өспүрүм баланы карактап, телефонун тартып алган эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-октябрда болжол менен саат 20:00до белгисиз адамдар өспүрүмдү бычак менен коркутуп, баасы 24 миң сомдук iPhone XC телефонун тартып алган. Бул окуя боюнча өспүрүмдүн апасы милицияга кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2005-жылы туулган К.Б. жана 2006-жылы туулган Ж.А. аттуу балдар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version