Site icon Reporter.kg

Бишкекте өспүрүмдүн IPhone телефону менен акчасын карактап кетишти

Бишкек шаарынын Лущихина менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде 16 жаштагы мектеп окуучусун тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда,  өспүрүмдү коркутуп, IPhone 11 Pro  үлгүсүндөгү телефонун жана 5 миң 600 сомун алып алышкан.

Окуя 13-августта болгон. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында  2007-жылы туулган С.Э. аттуу жаран кармалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version