Site icon Reporter.kg

Бишкекте өтө турган кыргыз-монгол бизнес форумуна ишкерлер чакырылат

21-июлда Бишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтөт. Иш-чара Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өтөт. Бул тууралауу Соода-өнөр жай палатасы кабарлады.

Форумдун алкагында кыргыз жана монгол компанияларынын ортосунда B2B-жолугушууларды өткөрүү каралган.

Иш-чара Монголиянын улуттук соода-өнөр жай палатасынын көмөгү менен уюштурулуп, эки тараптуу экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана түз ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

Катышууга төмөнкү тармактарда иштеген компаниялар чакырылат:

Иш-чарага катышууга арыз берүү үчүн бул шилтемедеги форманы толтуруу керек.

Каттоо жана кошумча маалымат алуу үчүн байланыш: +996 709 868 935

Exit mobile version