Site icon Reporter.kg

Бишкекте оюнчук тапанча менен жаш жигитти тоноп кетти

Бишкекте жаш жигитти белгисиз таппанча менен коркутуп, тоноп кетүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 17 -сентябрда шаардын Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

22 жаштагы С.А. аттуу жаранды саат 04:00 чамасында аны бейтааныш адам белгисиз маркадагы тапанча менен коркутуп, андан акча талап кылган. Ошондой эле ал анын кийимдерин, бут киймин жана күрмөсүн күч менен чечип, андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен.

Милициянын кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныктап, 24 жаштагы Т.У.Ж. аттуу жаранды милициянын бөлүмүнө жеткиришкен.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Exit mobile version