Site icon Reporter.kg

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды (видео)

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Окуя бүгүн, 6-августта Бишкектин Абдымомунов көчөсүндө болгон. Эркек киши турак үйдүн 8-кабатынан секирип, өз өмүрүнө кол салмакчы болгон.

Жерине куткаруучулар тартылып, сүйлөшүү жолу менен аны өз жанын кыюудан баш тартууга көндүрүшкөн.

Аталган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version