Бишкекте парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү талабы менен митинг өтөт

Бишкекте парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү талабы менен митинг өтөт

Бишкекте бүгүн, 8-ноябрда саат 12:00дө Эркиндик бульвар менен Линейный көчөсүнүн кесилишинде тынчтык жүрүшү өтөт. Бул тууралуу ишкер Данияр Аманалиев билдирди.

Анын айтымында, акция бир катар талаптар менен өткөрүлөт:

Конституция үчүн; 3 пайызга шайлоо босогосун түшүрүү;  парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрында өткөрүү.

Кыргызстандын тажрыйбасы көрсөткөндөй, президенттик башкаруу формасы оңой эле авторитардык режимге өтүп кетиши мүмкүн.

Коррупция менен күрөшө албагандыгы үчүн Конституцияны күнөөлөө — бул жоопкерчиликтин өзгөрүшү. Эгерде президенттик башкаруу болсо, президент коррупция менен күрөшө албайт. Ал эл менен болгон негизги келишимди (Конституцияны) өзгөртпөшү керек, бирок коррупция менен чыныгы күрөшүү үчүн жоопкерчиликти ала тургандарга жол бошотушу зарыл.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөрдү парламент 2020-жылдын 22-октябрында кабыл алган, бирок м.а. президент аларды беките элек. Шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго чейин түшүрүү жана Форма 2ни колдонууга чектөө киргизүү зарыл, анткени бул 5-октябрдагы окуялардын кайталанышына жол бербөөнүн бирден-бир жолу. Президент таза, атаандаш шайлоо өткөрөм деген убадасын аткара турган болсо, аларга кол коюуга милдеттүү.

2020-жылдын 29-октябрынан тарта VI чакырылыштагы парламент конституциялык карама-каршы кырдаалда. Ушуга байланыштуу, анын мындан аркы чечимдеринин мыйзамдуулугу ар дайым күмөн жаратат. Конституциялык талаага кайтып келүү, кадрдык секириктен арылуу, стратегияны ишке ашырууга жөндөмдүү туруктуу узак мөөнөттүү өкмөт болуш үчүн бизге жаңы парламент жана ал дайындаган өкмөт керек. Ошондуктан, БШК тарабынан 20.12.2020-жылга дайындалган шайлоо өз убагында же президенттик шайлоо менен бирге, 10-январда өткөрүлүшү керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>