Site icon Reporter.kg

Бишкекте Патрулдук милициянын унаасы бир жумада экинчи ирет жол кырсыгына кабылды

Бүгүн, 6-январда Бишкекте милициянын Кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу «24.kg» жазды.

Жол кырсык бүгүн саат 09:20да болгон. Анда Тоголок Молдо жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын унаасы жүк ташуучу «Mercedes Sprinter» менен сүзүшкөн. Жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, бир жуманын ичинде Патрулдук милициянын катышуусунда экинчи жол кырсык катталды.

Exit mobile version