Site icon Reporter.kg

Бишкекте патрулдук милициянын унаасы бус менен кагышты — видео

Бишкектин Лермонтов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде  патрулдук милициянын унаасы менен жүк ташуучу бус кагышты. Кырсыктын видеосун активист Болот Ибраимов “Инстаграммдагы” баракчасына жүктөдү. 

Андагы видеодон бус капталынан кулап калганын, милициянын унаасынын алдыңкы бөлүгү талкаланганын жана  окуя болгон жерге эвакуация барганын көрүүгө болот.

Азырынча кырсыктан канча адам жабыркаганы белгисиз. Маалыматты тактоо үчүн  Бишкек комендатурасы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Exit mobile version