Site icon Reporter.kg

Бишкекте педофилдердин тобу пайда болдубу? ИИмдин жообу

Социалдык тармактардагы Бишкекте педофилдердин тобу пайда болду деп таркап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“WhatsApp мессенджери аркылуу, айрыкча ата-энелердин платформасында шаарда педофилдердин тобу пайда болгону тууралуу жалган маалымат таркап жатат. Маалыматты тактоого, коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого чакырабыз. Жалган маалыматтын таркашына жол бербейли. Биз жарандарды такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды бөлүшпөөгө чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version