Бишкекте психоактивдүү заттарды саткан аял киши кармалды

Бишкекте психоактивдүү заттарды саткан аял киши кармалды

Психоактивдүү заттардын жаңы түрүн сатуу боюнча туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагынан “Телеграмм” социалдык тармагында “@LuCHiKso” аттуу акаунту менен психоактивдүү жана баңгизаттарды сатуу каналын жөндөп алган фигурант аныкталган.

Ыкчам-тергөөнүн натыйжасында борбор калаада мыйзамсыз аракеттерин жасоого шектүү катары 1993-жылы туулган  К.А. аттуу Оруссиянын жараны кармалган.

Жарандын жашаган жеринен кызгылт-сары түстөгү таблетка түрүндөгү, кендир жытына ээ болгон белгисиз дары-дармектер, тамеки тартуу түрүндөгү жабдуулар, керектөө үчүн түтүктөр жана бульбулятор табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 41 граммды түзгөн, жаңы психоактивдүү зат экендиги аныкталган.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>