Site icon Reporter.kg

Бишкекте психотроптук заттарды саткан интернет-дүкөн аныкталды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери психотроптук заттарды сатуучу интернет-дүкөндү уюштурган шектүүнү аныктап, кармашты.

Бишкек ШИИБдин маалыматына караганда, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкек ШИИБдин кызматкерлери борбор калаада жана Чүй облусунда узак убакыт бою психотроптук зат активдүү сатылып келген интернет-дүкөндөрдүн бирин жоюу боюнча атайын операция жүргүзүштү. Уюштуруучулар ар кандай электрондук капчыктар жана банк карталары аркылуу түшкөн акча каражаттарын табышты.

Ошентип, ушул жылдын октябрь айында кылмышка шектүү 2004-жылы туулган С.У. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алынып келди.

Шектүүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан өздүк тинтүү жүргүзүү учурунда төмөнкү буюмдар: сатуудан акча каражаты алынган 2 даана банктык карта табылган. психотроптук затты, уюлдук телефонду , ичинде «F» интернет-дүкөнүнүн аккаунту менен мессенджерлердин бири орнотулган, геолокациялар менен сүрөттөр, психотроптук заты менен катылган кыстармалардын жайгашкан жери табылган.

Ошондой эле уюштуруучу өз ыктыяры менен шаардын бештен ашык жерине катылган жалпы салмагы 5 граммды түзгөн кыстырма психотроптук затты көрсөтүп берген. Учурда бул кылмыш ишинин алкагында, ден соолугуна байланыштуу шектүүгө карата ал жерден эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version