Site icon Reporter.kg

Бишкекте “Раян Билдинг” курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды

Бишкек шаарында “Раян Билдинг” курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардын Свердлов райондук милициясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, райондук милицияга Ж.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 2023-жылдын 19-апрелинен 2024-жылдын 26-февралына чейинки аралыкта “Раян Билдинг” аттуу курулуш компаниянын жетекчилиги алдоо жолу менен ишеничине кирип, көп кабаттуу үйүнүн үлүштүк курулушуна 3 млн 326 миң сом төлөп берүүгө көндүрүшкөнүн, андан соң убадасын аткарбай качып жүргөнүн билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө аталган компаниянын жетекчиси 38 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган. Свердлов райондук соту аны бир айга СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган.

Милиция азыркы учурда аталган факт боюнча арызданычуулар көбөйүп жатканын билдирди.

Exit mobile version