Site icon Reporter.kg

Бишкекте ресторан тамак-аш калдыктарын көчөдөгү канализацияга төгүп келген

Тамак-аш калдыктары көчөдөгү канализацияга төккөн «Сармерден» ресторанына айыппул салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Муниципалдык инспекция интернетте тараган видео боюнча текшерүү жүргүздү.

Ресторандын тамак-аш калдыктарын канализацияга төккөнү ырасталып, 17 миң сом айыппул салынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version