Site icon Reporter.kg

Бишкекте самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкекте спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 23-25-февралда эркектер жана кыз-келиндер арасында Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылат.

Салмак категориялары:

Спорттук жана күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;

Спорттук жана күжүрмөн самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71,79, 88, 98, +98 кг.

Өлкө биринчилиги Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция жана Кыргызстандын самбо федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Exit mobile version