Борбор калаадагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу вице-мэр Айжан Чыныбаева санитардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкекте акыркы сутка ичинде 56 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Анын ичинен 46 жаран COVID-19 илдети, калганы пневмония менен жабыркагандар.
Эми мобилдик топтордун саны көбөйтүлүп, көзөмөл жүргүзүлөт.
«Урматтуу ишкерлер, санитардык талаптарды сактоо жана көзөмөлдөө жетекчилердин милдети. Буга байланыштуу кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугу үчүн тиешелүү шарттарды түзүңүздөр.
Ал эми шаар тургундарына жана конокторуна бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, антисептик каражаттарын такай колдонуу зарыл экендигин эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.
Борбор калаада коронавирус инфекциясы 29 миң 645 адамдан аныкталса, анын ичинен 13 миң 89у пневмония менен жабыркады.