Site icon Reporter.kg

Бишкекте Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган жарыш өтөт

Бишкек шаарында XXII олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси, жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган жарым марафон өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Жарым марафон 24-сентябрь күнү өтөт. Жарыш 21,1 км, 10 км (жөө басуу жана чуркоо), 3 км жана жаш жеткинчектер үчүн 1 км аралыкка уюштурулат.

Жарыштар «Газпром-балдарга» ден-соолукту чыңдоо борборунда старт алат.

Толук маалымат: runthesilkroad.com

Телефон: +996 550 33 99 70

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version