Site icon Reporter.kg

Бишкекте шаар тургунун тоноп кеткен шектүү кармалды

Бишкекте шаар тургунун тоноого шектелип 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-январда болжол менен саат 22:00до Пушкин көчөсүнөн белгисиз адам шаар тургунуна күч колдонуп, Samsung A10 телефонун тартып алган. Бул боюнча жабырлануучу милицияга кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 19 жаштагы К.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version