Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы 5 партиянын митинги өтүп жатат — сүрөттөр

Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы 5 партиянын митинги өтүп жатат — сүрөттөр

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы 5 партиянын митинги өтүп жатат.

«Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрүн көрүүгө болот. Бул партиялардын өкүлдөрү митингде шайлоо тыянагына каршы бириккенин дагы бир жолу жарыялашты. Алар башка партияларды да өздөрүнө кошулууга чакырышты.

Митингдин катышуучулары шайлоо таза өтпөгөнүн, добуштар сатылып алынганын белгилеп, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат.

[su_image_carousel source=»media: 42742,42740,42741,42743,42744″ crop=»none» autoplay=»4″]

Белгилей кетсек, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Анда 7 пайыздык босого чектен 4 партия өттү. Алар: “Биримдик”  (24,53%), “Мекеним Кыргызстан” (23,9%),  “Кыргызстан” – 8,74%, “Бүтүн Кыргызстан” – 7,09%.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>