Site icon Reporter.kg

Бишкекте сөөктү баштыкка салып таштап кеткен жигит соттолду

Свердлов райондук соту Саматка (аты-жөнү редакция тарабынан өзгөртүлдү) козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Самат 2021-жылдын 10-январында саат 00:00 чамасында Бишкек шаарында Мирлан (аты-жөнү редакция тарабынан өзгөртүлгөн) жана жабырлануучу Дамир менен спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан ары Дамир экөөнүн ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланып кеткен. Самат Дамирди керебетке ыргытып, жабырлануучунун бетине муштумдап ура баштаган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам эсине келбей ошол жерден каза болгон.

Айыпталуучу 12-январь күнү саат 02:45тен 03:15ке чейин жасаган кылмышынын изин жашыруу жана кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Дамирдин сөөгүн шашки баштыкка салып, андан соң сыртка алып чыгып, Бөкөнбаев көчөсүнө тротуардын боюна таштап кеткен.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган жок.

Жыйынтыгында сот Саматты күнөөлүү деп таап, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратып, 90 миң сом айыпка жыкты.

Exit mobile version