Site icon Reporter.kg

Бишкекте студенттер да 12-13-март күндөрү онлайн окушат

Бишкек шаарындагы колледж жана жогорку окуу жайлардын студенттери 12-13-март күндөрү аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.

Мындай чечим Кыргызстанга Тажикстандын президенти мамлекеттик сапар менен келе турганына байланыштуу кабыл алынган.

Буга чейин мэрия ушул эле күндөрү Бишкектеги мектептер жана бала бакчалар онлайн түрдө иштерин билдирген.

Exit mobile version