Муниципалдык инспекция “Елизавета” курулуш компаниясына бир катар мыйзам бузуулар үчүн айып пул салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган ишкананын жумушчулары Жумабек көчөсүнүн 199-дарегинде техника алып кирүүгө шарт түзүү максатында сугат арыгын өз алдынча бетон менен жаап салышкан.
Ошондой эле жолдун жөө жүргүнчүлөр баскан бөлүгү булганган, аны алдын алуу чаралары көрүлгөн эмес. Мындан сырткары, өндүрүштүк калдыктарды мыйзамсыз ташталган.
Жогорудагы фактылар боюнча протоколдор түзүлүп, «Елизавета» ишканасына жалпы 76 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, бардык бузууларды жоюу милдеттендирилген.
«Куруучулар объектке жанаша аймакта тазалыкты сактоого, дөңгөлөк жууй турган пунктту камсыз кылууга, өндүрүштүк калдыктарды таштабоого жана таштандыны уруксат берилбеген жерлерге чыгарбоого милдеттүү. Эрежелердин бузулушу учурдагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат»,- деп билдирди мэрия.