Site icon Reporter.kg

Бишкекте сумо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт (дареги, убактысы)

Эртең, 13-май күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаштар жана чоңдор арасында сумо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген аял жана эркек спортчулар катышат. Чемпионат саат 10:00дө башталат, ал эми салтанаттуу ачылыш аземи саат 13:00дө болот.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

 

Exit mobile version