Бишкекте түндө феминисттердин куратору Айгүл Карабалинаны сабап кетишти

Бишкекте түндө феминисттердин куратору Айгүл Карабалинаны сабап кетишти

Феминисттердин башында турган Айгүл Карабалинага  бүгүн, 27-декабрь түнү Бишкекте эки белгисиз эркек киши кол салган. Бул тууралуу ал өзү «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Мен түндө саат 2лер чамасында Алматыдан Бишкекке кайтып келгем. Ошол учурда менин үйүмдүн алдынан эки белгисиз эркек адам мага кол салды. Ар кандай сөздөрдү айтып жатышты да аларды бирөө «баягылардын бири ушул» деди. Алар кыргызча сүйлөшүп жатышты, ошон үчүн мен бардык сүйлөшүүсүн тушүнө алган жокмун. Капыстан эле мага кол салышты, анткени мен түн ортосунда көчөдө экенимди эч ким билчү эмес. Баш мээмен сотрясения алыптырмын», — деп жазган Карабалина.

Феминаллелердин куратору Айгүл Карабалина учурда Бишкекте, бирок ал жакынкы убакыттарда Кыргызстандан чыгып кетүүнү пландоодо.

«Эртең кетүүгө камданып жатам. Учурда оокатырды жыйыштыруудамын.  Эми алар менин каякта жашай турганымды билишет. Бул жакта менин баламдын мектеби да жаныбызда», — деп кошумчалады ал.

Карабалина кол салгандарга милицияга арыз менен кайрыла турганын айткан, бирок алар милицияга кайрыла турган болсо мындан дагы жаман болорун эскертишкен.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи “Кормилица” деп аталган Эл аралык заманбап искусство көргөзмө Феминаллеси өткөн. Музейде кыздар жылаңач денесин көрсөтүп жүрүшкөнү коомчулуктун сынына кабылган. Бул окуядан кийин аталган музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>