Бишкекте түнкү клубда баңгизат саткан диджей кармалды

Бишкекте түнкү клубда баңгизат саткан диджей кармалды

Бишкек шаарында  түнкү клубдардын биринде баңгизаттарды жайылтуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы түнкү клубдардын биринде баңгизаттарды сатуу менен алектенүүчү каналды аныктоого жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады.

Бул факты боюнча 267-берене «Сатуу максатын көздөп баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» менен тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп, натыйжада  азиат түспөлүндөгү 30-32 жаштар чамаларындагы жаран баңгизаттарды сатуу менен алектенүүчү туруктуу каналын жөндөп алганы аныкталган.

Тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда клубдун барында диджей болуп иштөөчү, 30 жаштагы К.У. аттуу коңшу мамлекеттин жараны кармалган.

Ага өздүк кароо жүргүзүүдө шымынын чөнтөгүнөн кендир жытына ээ болгон кара-күрөң түстөгү зат табылып алынган. Ошондой эле анын бөлмөсүн тинтүүдө  аталган затка окшош зат алынган.

Сотко чейнки өндүрүш иши жана аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>