Бишкекте төрт стационардык борбор ачылат

Бишкекте төрт стационардык борбор ачылат

Бишкек шаарында төрт күндүзгү медициналык стационардык борбор ачылат. Мындай тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министри Кубатбек Боронов берди.

«Учурда ооруканага жата албай жаткан адамдар өтө көп. Алар оор абалдагы бейтаптардан бошобой жатат. Бирок оорунун алгачкы белгилери байкалган жарандар бар. Үйдө жатып алар оорусун күчөтүп албашы керек. Баары өз убагында медициналык жардам алуусу үчүн шаардык муниципалитеттин күчү менен борбор калаанын төрт районунда стационардык борборлор ачылат. Мында тажрыбайлуу дарыгерлер нөөмөткө туруп, консультация берип, зарыл процедураларды жасашат», -деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы айткандай, ар бир стационардык борбор 200 орунга эсептелген.

«Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин адамды тейлешет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт. Адистер курч респиратордук вирустук инфекциянын, пневмониянын же сасык тумоонун биринчи белгилери пайда болгон жарандарга ушул убактылуу медициналык борборлорго кайрылууну сунушташат. Ар бир борбордун көчмө дарыканалары болот, аларда керектүү дарылар сатылат. Ошол эле учурда дары-дармектердин баасына көзөмөл күчөтүлөт. Фармацевтикалык компаниялар дарылардын баасын негизсиз көтөрүү Финансы полициясы тарабынан текшериле турганын, такыр болбосо – жазыктык куугунтуктоо караларын эстен чыгарбоого тийиш. Өлкө үчүн ушундай оор абалда спекуляция менен алектенүүгө жол берилбеши кажет», — деп баса белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы медициналык тез жардам жана 118 кызматтарынын ишине токтолду.

«118 кызматынын ишин күчөткүлө. Кайрылган бир дагы жаран жоопсуз калбасын. Алар тиешелүү консультация алуулары зарыл. Ушул эле талап медициналык тез жардамга да тийиштүү. Чалуулардын статистикасын мен өзүм карайм. Ар бир чалуу аткарылсын»,- деди Кубатбек Боронов. Ал медициналык тез жардам унааларынын жана дарыгерлердин бригадаларынын саны көбөйтүлгөнүн эске салды.

Премьер-министр COVID-19га каршы күрөшүү иш-чараларына тартылган мамлекеттик органдарга ишти күчөтүүнү тапшырды, себеби бардык тараптардын уюшулган ишинен өлкөнүн мурдагы жашоосуна канчалык ыкчам кайтуусу көз каранды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>