УКМК Бишкекте радикалдык такфирдик-жихадисттик агымдарды үгүттөгөн диний ячейка аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, бул топтун мүчөлөрү радикалдык-экстремисттик көз караштарды жайылтуу менен алектенип, өз чөйрөлөрүндө үгүт иштерин жүргүзүп, зордук-зомбулукка чакырыктарды камтыган материалдарды таркатып, ошондой эле башка агымдардын жана диндердин өкүлдөрүнө карата сабырсыздыкты үгүттөгөндүгү аныкталган.
УКМК алардын иш-аракеттери борбор калаада террордук топ түзүүгө багытталган болушу мүмкүн деп айтууга негиз бар экенин билдирди.
11-июнда соттун санкциясы менен Бишкектеги он даректе тинтүү жана башка атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 10дон ашуун адам УКМКга жеткирилген.
Тинтүүдө катталбаган диний адабияттар, экстремисттик символика, 1 ок атуучу граната, ар кандай маркировкалары бар 3 патрон, 1 жылмакай мылтык, 1 страйкбольный привод (м16/М4 автоматынын аналогу), 1 сигналдык пистолет, 2 пневматикалык пистолет, акча каражаттары, бычактар, кылыч, байланыш каражаттары, радикалдуу мазмундагы аудио — жана видеоматериалдар алынган.
«Санариптик маалымат каражаттарына жүргүзүлгөн талдоо, ошондой эле соттук-дин таануу экспертизасынын корутундусу куралдуу жихадды жана террористтик ишти жүргүзүүгө чакырыктарды кошкондо радикалдуу экстремисттик маалыматтын белгилери бар видеожазуулардын жана аудиоматериалдардын, тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдардын ишмердигинде колдонулган материалдардын бар экендигин тастыктады»,- деп айтылат маалыматта.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында У.Д.А. аттуу чет өлкөлүк жаран жана Л.Д.В. аттуу кыргызстандык жаран кармалып, №21 тергөө абагына киргизилишкен. Ал эми кармалган башка адамдар бардык зарыл болгон тергөө амалдары жана профилактикалык иштер жүргүзүлгөндөн кийин бошотулушкан.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.