Site icon Reporter.kg

Бишкекте таксичи велосипедчен адамды сүзүп, кетип калган (видео)

Бишкекте таксинин айдоочусу велосипедчен адамды сүзүп, окуя жеринен кетип калган. Бул тууралуу жергиликтүү Telegram каналдардын бири жазды. Аларга таксиде жүргүнчү болуп бараткан адам окуянын видеосун жөнөткөн.

Маалыматка караганда, аталган айдоочу Yandex Taxi’де иштейт.

Видеонун авторунун (жүргүнчү) айтымында, айдоочу велосипедчен адамды көргөндөн кийин ага сигнал берип, артынан түшүп алган.

Видеодон көрүнгөндөй, айдоочу велосипедчен адамды сүзүп, токтобостон кетип калган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version