Site icon Reporter.kg

Бишкекте тамактануучу жайда нааразылык акциясын уюштурган топ кармалды (видео)

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери KFC тамактануучу бөлүмдөрүнүн биринде коомдук тартипти одоно бузган шектүүлөрдү кармашты, деп билдиришти шаардык милициядан.

Маалыматка караганда, 18-19-октябрь күндөрү Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун тамактануучу жайларында, азиат улутундагы белгисиз адамдар, коомдук жайда өзүн алып жүрүү эрежелерин одоно бузушуп, “Бойкот” деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен, коомдук жайга бүлүк салып, коомчулукка жат көрүнгөн аракеттерин жазашып, тартылган видеолорду интернет тармактарында өздөрүнүн аккаунттарына жарыялашкан.

Аталган факт боюнча, Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында, 1995-жылы туулган К.А., 2000-жылы туулган Ж.С., 2000-жылы туулган К.Б., 1998-жылы туулган Т.И., аттуу шектүүлөр кармалып, борбордук милициянын кызматкерлери жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте Свердлов РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, териштирүү иштери башталды.

Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version