Site icon Reporter.kg

Бишкекте таштанды чыгаруунун акысы көтөрүлдү. Жаңы тариф

Бишкекте таштанды чыгаруунун акысы көтөрүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге «Тазалык» ишканасынын директору Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, тарифти көтөрүү боюнча токтом 1-февралдан тарта күчүнө кирди. Абоненттер жаңы тариф боюнча март айынан тарта төлөй башташат.

«Азыр тариф бир кишиге 41 сом болуп калды. Мурда 22,5 сомду түзүп келген. Ошондой эле пенсионерлер үчүн 22,5 сом болду. Мурда 6 сомду түзгөн. Андан тышкары чарба субъекттери үчүн 1 куб метрине 445 сом же тоннасына 2 мин 430 болду», — деди Алиев.

Бишкекте таштанды чыгаруунун акысын көтөрүү сунушталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version