Бишкекте татар кино күндөрүнүн алкагында татар тасмалары көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, саамалык 9-10-июлда болуп өтөт. Тасмалар Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат. Кирүү акысыз.
Кино күндөрдүн жадыбалы:
9-июль:
16:00 — «Сүмбүл» (2019-ж., Өзбекстан менен бирге тартылган, реж. Рашид Маликов менен Рамиль Фазлиев)
18:30 — «Тарлан» (2021-ж., Казакстан менен бирге тартылган, реж. Юлия Захарова)
10-июль:
16:00 — «Апипа» (2020-ж., реж. Ильшат Рахимбай)
18:30 — «823-чакырым» ( 2023-ж., реж. Амир Галиаскаров менен Ирек Хафизов)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз