Site icon Reporter.kg

Бишкекте таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Бишкекте таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 30-ноябрдан 1-декабрга чейин «Газпром» спорт комплексинде жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында өтөт. Ага 24 мамлекеттен 300дөн ашык спортчу катышат деп күтүлүүдө. Кыргызстандан 14 спортчу катышат.

Таймаштар өтө турган салмактар:

Жаштар арасында:

Балдар: 50, 60, 70, 80, +80 кг;

Кыздар: 50, 60, 70, +70кг.

Чоңдор арасында:

Эркектер арасында: 60, 65, 70, 75, 80, 90, 105, 125, +125 кг;

Кыз-келиндер: 55, 65, 75, 85, +85 кг;

Ардагерлер арасында:

Эркектер: 65, 75, 85, +85 кг;

Аялдар: 65, +65 кг.

Exit mobile version