Site icon Reporter.kg

Бишкекте таяк тартыш боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте таяк тартыш боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 20-21-апрель күндөрү Кыргыз-Түрк Манас университетинин спорт комплексинде өспүрүмдөр, жаш уландар жана чоңдор арасында өтөт.

Салмак категориялары:

Өспүрүмдөр арасында (14-15 жаш):

50, 60, 70, 80, +80 кг;

Жаш уландар арасында:

Балдар (16-17 жаш); 50, 60, 70, 80, +80 кг;

Кыздар: 50, 60, 70, +70 кг;

Чоңдор арасында:

Эркектер: 60, 65, 70, 75, 80, 90, 105, 125, +125 кг;

Кыз-келиндер: 55, 65, 75, 85, +85 кг.

Мелдештин программасы:

Башталышы: 20-апрель, саат 10:00;

Салтанаттуу ачылыш аземи: 20-апрель, саат 13:00.

Exit mobile version