Site icon Reporter.kg

Бишкекте тез жардамды өткөрбөй, медиктер менен чырдашкан айдоочу камалды

Бишкекте тез жардам унаасын өткөрбөй, медицина кызматкерлери менен чырдашкан айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 3-декабрда соцтармактарга айдоочу тез жардам унаасынын айдоочусу жана фельдшерлер менен чырдашып жатканы тартылган видео тараган.

Кийин видеодогу айдоочуну кайгуул кызматкерлери тапкан. Ал 43 жаштагы Ж. Осмон уулу экени аныкталган. Кайгуул кызматкерлери аны милицияга алып кетүүгө барганда, ал тамеки чегип, инспектор менен чырдашкан.

Соңунда ал милицияга жеткирилип, ага «майда бейбаштык» беренеси менен протокол түзүлгөн.

Соттун чечими менен ал 4 күнгө камакка алынып, коомдук жерде тамеки чеккени үчүн 3 миң сом айып салынган.

Бишкекте тез жардам унаасын өткөрбөй койгон айдоочу кайгуул кызматкери менен чырдашты (видео)

Exit mobile version