Site icon Reporter.kg

Бишкекте тигүү цехинен өрт чыкты

Бишкектин Ленин районунун Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

«Өрттү өчүрүүгө саат 12:23тө Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:32де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:40та Биринчи Май райондук №8 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:43тө Штаб, жалпы 3 бөлүм тартылган», — деп жазылган маалыматта.

ӨКМ кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтты.

Exit mobile version