Бишкекте «Тойота Камри» унаасын уурдоого аракет кылган адам кармалды

Бишкекте «Тойота Камри» унаасын уурдоого аракет кылган адам кармалды

Бишкек Патрулдук милициясынын кызматкерлери унаа уурдоого шектелген адамды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

28-октябрда саат 04:20 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына Тыныстанов-Чуйков көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн жанында белгисиз адам «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын эшигин ачып, уурулук кылууга аракет кылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган дарек боюнча Патрулдук милициянын кызматкерлери бул фактыны тастыкташып, издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1964-жылы туулган М.В. аттуу жаранды кармашкан. Ал Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

Бул факт Кылмышмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине «Уурдоо»  беренеси менен катталган. Учурда сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>