Бишкекте транспорт салыгын төлөбөгөндөргө рейд жүрдү — сүрөттөр

Бишкекте транспорт салыгын төлөбөгөндөргө рейд жүрдү — сүрөттөр

Шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу үчүн Ленин акимиатынын кызматкерлери облустук салык кызматы менен биргеликте автоунааларды текшерүүдөн өткөрүштү. Кыймылдуу мүлккө салык төлөөдөн качкан унаа ээлерин, ошондой эле иш-аракеттерди жүргүзүүгө уруксаты жок жеке кабиналар менен алектенген ишкерлер аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

1-сентябрга карата шаардык бюджетке кыймылдуу мүлк салыгы боюнча иш жүзүндөгү киреше 256,7 млн ​​сом планга салыштырмалуу 142,9 млн сомду түзүп, 113,9 млн кем түшкөн. 

Ушул сыяктуу рейддер уланууда.

Мэрия транспорттук салыкты төлөө мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрында аяктагандыгын эске салып, андыктан салыктарды мүмкүн болушунча эртерээк төлөөнү өтүндү.

[su_image_carousel source=»media: 41127,41126,41125,41124″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>