Site icon Reporter.kg

Бишкекте троллейбус айдоочулардын айлыгы көтөрүлөт

Бишкек троллейбус башкармалыгынын бардык кызматкерлеринин эмгек акысы 40%га көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жогорулатылгандан кийин троллейбус айдоочуларынын орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт.

«Мындай чечимди мэр Айбек Жунушалиев эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айдоочулардын жана техникалык кызматкерлердин ишинин көлөмүн жана графигин тыкыр көзөмөлгө алгандан кийин кабыл алды», — деп жазат басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө коомдук транспорттун айдоочуларынын жетишсиздиги курч көйгөй болуп, анын негизги себеби айлык акынын аздыгы болуп саналат.

Exit mobile version