Бишкекте троллейбустагы жүргүнчүлөргө бычак шилтеген кишини кармаганга жардам берген айдоочу сыйланды

Бишкекте троллейбустагы жүргүнчүлөргө бычак шилтеген кишини кармаганга жардам берген айдоочу сыйланды

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте №2 троллейбустагы жүргүнчүлөргө бычак шилтеген кишини кармаган милиция кызматкерлери менен коомдук унаанын айдоочусун мэр Азиз Суракматов сыйлады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы троллейбустун айдоочусу Светлана Тургунбаевага саат тапшырды. Ал эми милициянын кызматкерлери Адилет Абдылдаев, Мирислам Алимбеков жана Медербек Таалайбековго ыраазычылык билдирди.

Окуя 19-ноябрда катталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>