Site icon Reporter.kg

Бишкекте турак үйдө нарколаборатория табылды — видео

Бишкек шаарынын Алтымышев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен жашыруун иштеп келген нарколаборатория табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 438,07 килограммды түзгөн. Алар экспертизадан өткөрүү үчүн ИИМдин борборуна жөнөтүлгөн. 

Бул факты Жазык кодексиндеги 273-беренеге ылайык сотко чейинки өндүрүшкө алынган.  Экспертизанын жыйынтыгы чыкса юридикалык баа берилет.

Exit mobile version